www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажик журналисти Орзу Исоев кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал жөнүндө «Кызыл жана кара: согуштун түстөрү» деген 30 мүнөттүк видеофильмин YouTube каналына жайгаштырды.
Орзу Исоев видеофильмде «Озоди» радиосунун кабарчысынын «таймлайны» (окуяны хронологиялык тартипте визуалдык түрдө көрсөтүү) колдонулганын билдирди.
Видеофильмдин автору «Головной» суу сактагычында, Исфарадагы Хожаи Аъло айлында болгон. Тасма журналисттердин жаңжал болгон аймактагы татаал ишин баяндайт.
28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылды. Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошту.
Булак: NazarNews.kg