www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурдагы мыйзамга ылайык, шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга себепчи болгон талапкерлер кайра шайлоого катыша алышпайт. Бул тууралуу кечээ, 19-майда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Бирок мындай чектөө саясий партияларга каралган эмес.
«Аймактык шайлоо комиссиясы партиялар көрсөткөн талапкерлерди каттоодо аларды шайлоого катыштыруу же катыштырбоо тууралуу чечим кабыл алышат», - деди Шайлдабекова.
Кечээ, 19-майда Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону жараксыз деп тапты.
Булак: NazarNews.kg