www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 10-августта тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Австриянын Кыргыз Республикасындагы элчиси (резиденциясы Нур-Султан шаарында жайгашкан) Вилли Кемпель менен жолугушту. Анын жүрүшүндө Австриянын элчиси тышкы иштер министрине ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Р.Казакбаев Австриянын элчисин Кыргыз Республикасындагы ишмердигинин башталышы менен куттуктап, мындан аркы ишине ийгилик каалады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Австриянын эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, тактап айтканда, эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги иш сапарларын уюштурууну, министрликтер аралык консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүүнү талкуулашты. Р.Казакбаев келерки жылы Кыргыз Республикасы менен Австриянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы белгилене тургандыгын белгилеп, ушуга байланыштуу Австрия тарапка эки тараптуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча биргелешкен жол картасын иштеп чыгууну сунуштады. Тараптар ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Австриянын ортосундагы укуктук базаны инвентаризациялоо зарылдыгы тууралуу пикирге келишти.
Тараптар 2020-жылы өткөрүлгөн Экономикалык байланыштар боюнча Кыргыз-Австрия комиссиясынын 7-жыйынынын жыйынтыктарын ишке ашыруунун жана комиссиянын кийинки жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Р.Казакбаев Австрия делегациясын 5-ноябрда Бишкекте жогорку деңгээлде өтүүчү экономикалык форумга катышууга чакырды. Мындан тышкары, тараптар Кыргыз Республикасында Кыргыз-Австрия бизнес форумун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Австриянын элчиси В.Кемпель өз кезегинде Австрия тараптын Кыргыз Республикасында экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин, анын ичинде Кыргыз Республикасындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Австриянын жеңилдетилген насыяларды (жеңилдетилген кредиттөө) берүү мүмкүнчүлүгүн белгиледи.
Р.Казакбаев ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Австриянын ортосунда орто билим берүү тармагындагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн, Кыргыз Республикасы менен Австриянын университеттеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Австрия тарапка ошондой эле Кыргызстанда Австриянын соода, маданият жана билим берүү үйүн түзүү сунушталды.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө БУУнун институттарынын алкагында көп тараптуу форматта өз ара аракеттенүү маселелери да талкууланды.
Булак: NazarNews.kg