www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Саясатчыларга, чоңдорго суудан сүзүп өттү, чуркады, муздак сууга жатты, селфи кылды деген хайптар жарашпайт" дейт журналист Шайырбек Абдырахман.
--"Саясатчыларга, чоңдорго мына так азыркы учурда баланча жактан суудан сүзүп өттү, чуркады, муздак сууга жатты, ырдады, конок тосту, сүрөткө түштү, селфи кылды деген хайптар жарашпайт туугандар. Ал иш чаралар токчулук, барчылык, кыскасы кой үстүнө торгой жумурткалаган замандын оокаты.
Азыр чек арада маселе, экономикада чоң көйгөй, кургакчылык, эгин жок, малга чөп тартыш, катаалчылык болуп жатат. Айрыкча күйүүчү май, күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасынын асмандашы, банктардан берилген кередиттердин пайызын төлөө, насыя алуу, айлык, пенсия деген нерселер чоң көйгөйлөрдү жаратууда.
Сиздер ошону чечип салсаңар мына ошол накта хайп, накта иш, накта баатырдык!
Ал эми социалдык тармактарга таш көтөрүү, сууда сүзүү, лесепед тебүү, тоого чыгуу деген нерселерди жөнөкөй эл чыгарсын. Бул элдин саал болсо да бирдемеге алаксып, же болбосо санаасызыраак жашоосунун көрсөткүчү болсун!
Болбосо, ылдыйкы жазылган маселе силердики, өйдөдө жазылган маселе элдики болуп калып жатпайбы", - дейт журналист.
Булак: NazarNews.kg