www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Руслан Казакбаев, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси: "Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 16 170 кишиге жетип, 64 194 киши жаракат алды"
1. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:00гө карата (Бишкек убактысы боюнча саат 22.00) Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 16 170 кишиге жетип, 64 194 киши жаракат алды.
2. Ушул учурдагы маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында каза болгондор боюнча тастыкталган маалымат жок.
3. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы өкүлчүлүктөрү жер титирөөдөн жабыркаган аймактардан Кыргыз Республикасынын жарандарын эвакуациялоо боюнча иштерин улантууда.
4. Дипломаттардын бир тобу Кыргыз Республикасынын муктаж жарандарына жардам көрсөтүү үчүн Газиантеп шаарынан Кахраманмараш шаарына жөнөп кетсе, башка бир тобу жакындары менен байланышка чыкпаган жарандарды издөө үчүн Шанлыурфа шаарын көздөй жолго чыкты;
5. Анталиядагы Башкы консулдуктун кызматкери Хатай шаарындагы Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүүдө. Ошондой эле байланышка чыкпай жаткан мекендештерди издөө иштери да жүрүп жатат.
6. Мурда эвакуацияланган Кыргыз Республикасынын 6 жаранынан турган топ Өзбекстан Республикасынын учагы менен Ташкентке аман-эсен жетип, аларды Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин кызматкерлери тосуп алышты.
7. Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринде түзүлгөн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб өз ишин улантууда. Акыркы үч күндүн ичинде 1000ге жакын чалуу жана билдирүү иштелип чыкты.
8. Анкара жана Стамбул шаарларында гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункттары ачылды.
9. Жабыркагандарга акчалай жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн Элчилик тарабынан акча которуу үчүн атайын эсептер ачылды.
10. Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу башкармалыгынын (AFAD) маалыматына ылайык, жер титирөө болгон аймактан кургактык, темир жол жана аба транспорту менен 28 044 киши эвакуацияланды.
11. Түркиянын тышкы иштер министри М.Чавушоглунун айтымына ылайык, 95 мамлекеттен жана 16 эл аралык уюмдан жардам сунуштары түшкөн. 9-февралга карата дүйнөнүн 56 өлкөсүнөн, анын ичинде Кыргызстандан да, 6 479 киши куткаруу иштерин жүргүзүдөө.
12. Түркиянын Юстиция министри жер титирөө болгон аймакта үйлөрдү курууга катышкан бардык жеке адамдарга жана компанияларга каршы иш башталганын билдирди.
Булак: NazarNews.kg