www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ленин райондук шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюп жаткандардын теледебаттары өтүп жатат. Теледебатта кызык жагдайлардын сыры ачылууда.
Айталы, талапкер Эркин Булекбаев дагы бир талапкер, Ленин районунун мурдагы акими Руслан Тагаев Ташиевден бата алып, шайлоодо каржылап жатат деген билдирүү жасады. Чынында Тагаев өзү да менин артымда Ташиев турат дегенди айтып мактанып жүрөт экен. Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт дегенди, эске алсак, Тагаевдин бул кылыгы шайлоонун таза өтүшүнө көлөкө түшүрө турган болуп калды.
Эң негизгиси УКМКнын төрагасы
Камычыбек Ташиевдин атын сатып жатканын кандай түшүнсө болот? Ташиев бул боюнча расмий түрдө Тагаевге байланышы бар же жогун айтып койбосо, элдин таза шайлоо өттү дегенге ишениши кыйынга турат. Натыйжада, Ленин районунда аягы үзүлбөгөн шайлоо өтүп, мамлекеттин акчасы талаага чачыла береби?
Булак: NazarNews.kg