www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы парламенттин Конституцияны өзгөртүүгө моралдык укугу жок. Бул тууралуу Жогорку Кенештин депутаты Рыскелди Момбеков жергиликтүү ММКлардын долбоорунда билдирди.

Момбековдун айтымы боюнча, учурда иштеп жаткан парламентти легитимдүү да, легитимсиз деп да айтса болот.

"Азыркы парламенттин мөөнөтү бүтүп, дөөлөтү түшүп калган. Баш мыйзамда "Жогорку Кенештин депутаттары 5 жылдык мөөнөткө шайланат" деп жазылган. Ал эми конституциялык мыйзамда "депутаттардын мөөнөтү кийинки чакырылыштын депутаттары ант берген күнү токтотулат" деп турат. Азыр 7-чакырылыштын депутаттары ант бере элек, ошондуктан биздин мөөнөт автоматтык түрдө узарды. Муну мыйзам боюнча легитимдүү деп да, легитимсиз деп да айтсак болот. Азыркы эл өкүлдөрү кемпири өлгөн чалдай же эрден чыккан аялдай болуп калдык. Анча-мынча алыбыз бар, анча-мынча жаныбыз бар. Венециялык комиссия, конституциялык палата бизди легитимдүү деп тааныды. Бирок баш мыйзамды өзгөртүү, референдум өткөрүү боюнча чечим кабыл алууга биздин моралдык укугубуз жок эле.

Эл эмнеге парламентке нааразы? Анткени биз элдин таламын талаша албай койдук. Жогорку Кеңеш президентти кетире алат, президент Жогорку Кеңешти кетире албайт. Бирок биздин депутаттар жада калса, президенттин аппарат жетекчисинен коркуп жатышпайбы.

Эмне үчүн легендарлуу парламент болгон? Анткени ар тармактын адамдары болгон. Ал учурда капчыгы калыңдар эмес, кадыры бийиктер депутат болушкан. Бара-бара банкирлер, базаркомдор парламентке кирип отуруп, 6-чакырылыш эң начар чакырылыш болду. Анткени бул парламенттин 90 пайызы жалаң байлардан куралды. Ал эми кийинки чакырылыш жалаң бандиттерден түзүлөт", - деди Момбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости