www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК референдум өткөрүү үчүн 13 үгүт тобун каттады

Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга «макул», «каршы» үгүт топторду каттоо үчүн 13 сунуштама түшкөн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы расмий сайтына жарыялады.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 13 үгүт топторду каттоодон өткөрдү. Алар:

1. Президенттик республикасы үчүн «макул» — 8 үгүт топ;

2. Президенттик республикасына «каршы» — 1 үгүт тобу;

3. Парламенттик республикасы үчүн «макул» — 2 үгүт тобу;

4. Бардык варианттарга каршы – 2 үгүт тобу.

Кошумчалай кетсек, референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров сунуш кылып, 9-декабрда биринчи окуудан өтүп, 10-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окууда колдоо тапкан. Референдумду өткөрүүгө кошумча 40 миллион сом бөлүнөрү маалымдалган. Коомчулукта башкаруу системасын тандоо боюнча референдум менен президенттик шайлоо бир өтсө, башаламандык жаралуу коркунучу бар экендиги айтылып келет. Референдум 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен бирге өтөт.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости