www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери менен белгисиз жигиттердин ортосунда мушташ чыкты.

Окуя 26-декабрдан 27-декабрга караган түнү Түштүк магистралдын 7-апрель көчөсү менен кесилишинде болгон.

Мушташтын видеосу социалдык тармактарга тараган. Кадрлардан мушташ учурунда кайгуул күзөт кызматкери аларга кол салган кишилерди тынчтандыруу үчүн тапанчаны алып чыгып, өйдө карай  ок аткандыгын көрүүгө болот.

Тартип сакчылары менен жигиттердин ортосундагы урушка эмне себеп болсо да, тапанчадан коркпой, милицияны ашата сөккөн жигиттерге таң бересин. Сөккөнү мындай турсун, кол көтөрүп күрөшчүлөр айткандай “прогибке” жыккандан кайтпаган балдардын ачуусунун себебин азырынча эч ким айта элек.

Патрулдук милиция башкармалыгы бул окуя боюнча комментарийди кийинчерээк берүүгө сөз берди.

Эскертүү, видеодо нормативдик эмес сөздөр өтө көп!

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости