www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина менен алышып бүтпөй аткан Россияга кошумча баш оорунун кереги жок. 
Украинадан тиши сынып аткан батышка Россия менен Кытайдын ортосуна - Орто-Азияга конфликт жаратып Россияга кол салууга кошумча плацдарм керектиги айтылып, АКШ катуу активдешип, Блинкен, кыдырып, атайын элчилери басым жасап, Байден Орто-Азия президенттеринин саммитине чакырып атканынан эле билинген.

Кавказда Пашиняндын, биякта Токаевдин көз карашы өзгөрүп, орус шовинистери менен региондук улутчулдарды күчтөп кайраштыруу жүргүзүлгөнү менен, мындай, чукул чатак чыгат деп эч ким прогноз деле кылган эмес. Бул конфликт катуулап тутанабы, же солгундап кетеби(?), ал белгисиз. Бирок кандай  деген күндө да чек арадагы кырдаал татаалдашып, карым-катнаш кескин кыскараары шексиз.
Темир жол жана автотранспорт каттамдарынын кыскарышы каатчылык жаратат. Айрыкча 100% ГСМ, 51% унду, жб тамак аштын көп түрүн Россиядан алган Кыргызстанда ачарчылык башталышы толук мүмкүн. Казакстандан алган 40% ун, көмүр, эл.энергиясы жб продуктылардын келиши да, конфликт оң жагына чечилбесе кескин кыскарат.

Кыргызга региондогу тынчтык, коңшулар менен ынтымак гана керек десек болбой, Россия менен араздашууга үндөп, батышты колдогон мекендештердин чырагына май таамып атса керек. Эми алардын батышы бизге нан ташыыр бекен, же ок ташыыр бекен көрөлү?

Сабыр Муканбетов, эркин журналист

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости