www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясат талдоочу Сабыр Муканбетов Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевдин ФРГнын тышкы иштер министри Анналена Бербокту Жаңыл Мырзага салыштырганын сынга алды.

 "Жаңыл мырзанын балакетин алсын!

АКШнын вассалдарынан жакшылык жок. Щольц менен Бербок Германияны деиндустрилизация кылып немис элине элине АКШнын кызыкчылыгына иштеп аткан марионеткалар.

АКШ "Түндүк агымды" жардырып Германия энерго кризиске учурап, 10млрд$ "Түндүк агымга" салган инвестициясынан айрылып, жабыркап атса да бир үн катканга жарашкан жок.

АКШнын, ж.б. кымбат энергоресурстардын айынан Германиянын өндүрүштөрү конкуренттүүлүгүн жоготуп, банкрот болуп АКШга, Кытайга, ж.б. жактарга көчүүгө мажбур.

Фасс десе кимге болбосун тынбай үргөн Дяда Семдин кандек канчыгын Жаңыл мырзага теңеп Өмүкө алжыптыр.

Алар Орто Азияда стабилдүүлүктү бузуп, Орусияга каршы плацдарм түзүү максаттары бар АКШнын тилинен чыга албайт.

Садыр Жапаров стратегиялык өнөктөшүбүз Орусиянын позициясын колдоорун, Токаев менен АКШнын өкүлүнө айткан жообунда ачык эле билдирди. Украинанын кейпин кийээрибизди эске албай делдектеп жүргөн жарандарыбызды, айрыкча мамкызматтагыларды тизгиндөө керек", деди Муканбетов.

Белгилей кетсек, Текебаев: "Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербокту немистердин бүгүнкү Жаңыл мырзасы деп коем. Орус-украин конфликти башталгандан бери кылычын кынына салбай оңду-солду шилтеп келе жатат. Россияга каршы келишкис позициясы бар", - деген билдирүү жасаган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости