www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Дачи СУ окуясы боюнча иш абдан начар, жай жылып жатканын айтып, аны иликтөө үчүн коомдук комиссия түзүү чечимин кабыл алганын социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ош окуясын иликтөө боюнча да билдирди.
"Урматтуу кыргызстандыктар, эл койгон негизги талаптардын сап башында "Ош окуясы менен Дачи СУ окуясын иликтеп, аягына чыгарып бергиле" деген талап болгон. "Ош окуясын иликтөө аяктап калды" деп маалымат беришти. Жакында иш сотко өтөт экен. Ал эми Дачи СУ окуясы боюнча иш абдан начар, жай жылып жатат. "Иликтеген тергөөчүлөр мурда дагы иликтеген, балким, көп нерселерди жашырып коюп жатабы" деген маалымат беришти. Ошондуктан, коомдук комиссия түзүү чечимин кабыл алдым. Жакында тескеме чыгат. Активдүү жарандарыбызды, иликтөөчү журналисттерибизди, өкмөттүк эмес уюмдардан өкүлдөрдү дагы чакырабыз. Иликтөөгө мамлекет тараптан ар тараптуу жардам көрсөтүлөт. Тергөө тобундагы кагаздар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн түзүп беребиз", — деп жазган Жапаров.
Ал иликтөөгө катышууну каалагандар администрациянын Укуктук жактан камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов менен байланыша аларын айтып, 0312 625026 телефон номерин жарыялаган.
Эскерте кетсек, Дачи СУ каргашасы 2017-жылы 16-январда эртең менен болгон. Жүгү бар Boeing учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, аэропорттун жанындагы Дачи СУ айылына кулаган. Анын кесепетинен айылдын 35 тургуну менен экипаждын төрт мүчөсү тең каза тапкан.
Булак: NazarNews.kg