www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кремлдин сайты Орусия лидери Владимир Путиндин бир канча чет өлкөлөрдүн элин жана алардын башчыларын Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктоосун жарыялады.

Куттуктоо Украинанын, Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Кыргызстандын, Казакстандын, Молдаванын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Абхазиянын, Түштүк Осетиянын, Донецк, Луганск элдик республикаларынын, Грузиянын элине багытталган.

Анда Путин Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана Украина жарандарына Улуу Ата Мекендик согушта жеңилип калгандардын идеялык мураскерлеринин өч алуусуна жол берилбей турганын белгилеген.

Ал көп өмүрлөрдү берип, нацизмди кулаткан майдандагылардын, оорукта иштегендердин жаркын элесин эскерип, аларга терең таазим кыларыбызды айткан.

“Биздин бүгүнкү милдетибиз — ар кыл өлкөлөрдүн элине азап алып келген нацизмдин кайра жаралышына жол бербөө. Кийинки муундарга согуш жылдарындагы окуялар, жалпы руханий баалуулукту жана ынтымактык салттары жөнүндө туура маалымат берип жана буларды сактап калуу”, — деген Путин.

Мындан тышкары, РФ президенти Донецк жана Луганск эл республикаларынын башчыларына да куттуктоо телеграммаларын жөнөтүп, анда бүгүнкү күнү аскерлер, ата-бабалары сыяктуу туулган жерин нацисттерден бошотуу үчүн жан аябай салгылашып жатканын белгилеген. Путин 1945-жылдагыдай жеңиш алар тарапта болорун кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости