www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров Индиянын премьерине көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Индия Республикасынын Уттар-Прадеш штатында болгон кайгылуу окуяга байланыштуу Индиянын Премьер-министри Нарендра Модиге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Индия Республикасынын Уттар-Прадеш штатында орун алган трагедиялуу окуянын кесепетинен көптөгөн адамдар каза болду деген суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жараткандан жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин тилейм”, - деп айтылат телеграммада.

Эскерте кетсек, Индияда диний иш-чарада тебелендиде калып, кеминде 121 адам каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости