www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зыяндуу суусундуктар Чүйдө да сатыктан алынууда

Ооганстанда өндүрүлгөн «Золотая жизнь» газдалган суусундугу Чүй облусунда жайгашкан соода түйүндөрүнөн  дагы алына баштады. Бул тууралуу облустук оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

Өз кезегинде Саламаттыкты сактоо министрлиги Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин буйругу менен бул суусундукту бардык жерде сатуудан алып салуу сунушталганын билдирди.

Ооганстанда өндүрүлгөн суусундуктун курамында азорубин E 122 боёгу бар экени, ал балдардын активдүүлүгүнө жана көңүл буруусуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн экени мурда маалымдалган.

Соода түйүндөрүнүн жетекчилерине бул продукцияны сатууга тыюу салуу боюнча буйруктар берилээри айтылды.

Эскерте кетсек, акция Ош шаарында башталып, аталган суусундуктар сатыктан алына баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости