www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров футбол боюнча Кыргызстандын ардагерлер курама командасынын катарында КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча ардагерлер командасы менен беттешет. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Иш-чара саат 18:00дө концерттик программа менен коштолуп, футболдук беттеш саат 20:00дө башталат. Түз эфир УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

КМШ өлкөлөрүнөн келген футболдун ардагерлеринин командасында Ринат Дасаев, Дмитрий Аленичев, Александр Азимов, Егор Титов, Хорен Оганесян, Марат Кабаев, Мухсин Мухамадиев, Евгений Алдонин, Эрик Яхимович жана башкалар бар.

Кыргызстандын футбол боюнча ардагерлеринин курамасында: Владимир Орешин, Закир Джалилов, Комол Тайчиев, Сергей Фокин, Нематжан Закиров, Ясын Мусаев, Валерий Березовский, Марлен Касымов, Сергей Лисичкин, Вячеслав Прянишников жана башкалар. Команданын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытов.

Эске салсак, өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата уюштурулган футболдук беттеш 30-августта борбор калаадагы Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Кирүү акысыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости