www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СИЗО-1де каза болгон жаран камералаштары тарабынан эс-учун жоготкон абалда табылган. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-август күнү саат 05:40тар чамасында №21 мекеменин (СИЗО-1) режимдик корпусунун камерасында эртең мененки тамак таратып жатып камералаштары И.К.ны эс-учун жоготкон абалда табышкан. Чакырылган нөөмөттөгү фельдшер ага биринчи жардам көрсөткөн, бирок бул оң натыйжа берген эмес. Келген тез жардам бригадасы биологиялык өлүмдү аныкташкан. 

"Ал үстүбүздөгү жылдын 26-августунда Чүй районундагы №26-колониядан сот тарабынан аныкталган мөөнөтүн 9 айдан ашык өтөбөй качып кеткен фактысы боюнча СИЗО-1ге киргизилген. Соттук-медициналык экспертиза дайындоо боюнча токтом чыгарылды. Сөөктү кароодо зордук-зомбулуктун белгилери байкалган жок. Так диагнозду алуу үчүн соттук-медициналык эксперттерге изилдөө үчүн материалдар келип түшкөн күндөн тартып 30 күндөн кем эмес убакыт керек», - деп белгилейт Жаза аткаруу кызматы.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектеги СИЗО-1ге үч күн мурун киргизилген жаран каза болгону айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости