www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан суу ресурстары тармагында кызматташууну региондун бардык өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарына жооп берген, адилеттүү, акылга сыярлык жана тең укуктуу негизде ишке ашыруунун маанилүүлүгүн жактайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Казакстанда эл аралык Астана форумунда сүйлөп жатканда айтты.
Жапаров суу ресурстары тууралуу сүйлөп жатып, Кыргызстан аны майнаптуу пайдалануу боюнча маселеге өзгөчө маани берерин белгилеген.
"Кыргызстандын суу ресурстары түзүлгөн зонада жайгашкандыгы, ошондой эле коңшу өлкөлөр пайдаланган жагдай биздин бүткүл регион алдындагы чоң жоопкерчилигибизди шарттагандыгын өзгөчө белгилеп кетким келет Кыргызстан бул тармакта кызматташууну региондун бардык өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарына жооп берген, адилеттүү, акылга сыярлык жана тең укуктуу негизде ишке ашыруунун маанилүүлүгүн жактайт", — деген ал.
Кыргызстандын аймагынын төрт пайыздан ашыгын мөңгүлөр жана кар баскан тоолор ээлейт. Мөңгүлөрдө сакталган суунун жалпы кору 650 чакырым куб деп бааланып, Борбордук Азиянын суу ресурсунун 38 пайызга жакынын түзөт. Кыргызстан жалпы суу ресурстарынын 20-25 пайызын пайдаланат. Бул агымдын негизги көлөмү (93 пайызга жакыны) айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн колдонулат.
Эске салсак, Астана эл аралык форуму өтүп жатат, ага президент Садыр Жапаров катышууда.
Булак: NazarNews.kg