www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдүн Восток айылында колуна бычак кармап, көчөдө жүргөн адам кармалып, милицияга жеткирилди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 8-июнда соцтармактарга Восток айылында көчөдө бычак көтөргөн адам айыл тургундарынын дарбазаларын каккылап жатканы тартылган видео тараган.

Бул факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Окуя жерине милиция кызматкерлери барып, аталган жаран кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Милициядан билдиришкендей, кармалган жаран 40 жаштагы Восток айылынын тургуну болуп саналат. Ал мас абалында болгон.

"Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Анын жыйынтыгы менен коомдук тартипти бузган адамга карата мыйзамга ылайык чара көрүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости