www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир топ жылдан бери бүтпөй, карапайым калктын көкөйүнө көк таштай тийген Ош-Ноокат жолунун курулушун тез арада бүтүрүүнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өз көзөмөлүнө алганын Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анда ал: "Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен Ноокат жолунун курулушу жеке көзөмөлүмдө болот. 15 км узундуктагы жол 2023-жылдын 1-сентябрына чейин бүтүшү керек", - билдирди.
Бул кабарга ноокаттыктар жолубуз жакын арада бүтөмөй болду дешип сүйүнүп жатышса, айрымдар Ташиевдин бул билдирүүсүн сынга алышты.
Дегенибиз," жол курулушун дагы күч тармагына жооптуу Ташиев көзөмөлгө алса, анда Транспорт жана жолдор министрлигин жоюп эле салышпайбы, алар эмне отурушат, баардык министрликти жоюп эле жоопкерчиликти Ташиевге бергиле" деген пикирлер айтылды...
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн
Булак: NazarNews.kg