www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке келип, жаңы дайындалган министрлердин ант берүү аземине катышты.

Мамлекет башчысы сөз сүйлөп жатып, акыркы учурда Жогорку Кеңеште болуп өткөн окуяларга да токтолду.

Анын айтымында, парламентте ар кандай жагдайлар орун алган.

«Жогорку Кеңеште ар кандай окуялар болуп өттү. Мен аны убагында токтотуп калдым. Мындан ары мындай көрүнүштөргө жол берилбейт. Бул мамлекеттүүлүккө зыян келтирет. Мындан ары мындай маселе болбойт», — деди президент.

Белгилей кетсек, учурда Жогорку Кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп жатат.

Последние новости