www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Кадамжайдагы 14 жаштагы кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча билдирүү калтырды.

"Баткен облусунун Кадамжай районундагы жаш кыздын мыкаачы зөөкүрлөр тарабынан өмүрүнүн кыйылышы менин да зээнимди кейитти. Кыргыз эли байыртадан кыз балага өзгөчө мамиле жасаган, мындай мыкаачылыкка бармак түгүл, кыз балдардын бир тал чачына залал келтирбеген нарктуу эл. Биздин элдин аялзатына, кыз балага жасаган өзгөчө мамилесинен улам, Кыз Сайкал, Жаңыл мырзадай баатыр кыздарыбыз, Курманжан даткадай акылман энелерибиз чыккан. Жакында эле нарктуулукту сактоо жана жайылтуу тууралуу жарлык кабыл алганыбыз да бекеринен эмес. Бул коомубузду сырттан кирген жаман адаттардан сактоо үчүн улуттук иденттүүлүгүбүздү калыбына келтирүү максатында алдын ала көрүлгөн аракет болууда", - дейт ал.

Президент Кадамжайдагы мыкаачылыкты баары жектөө керектигин белгиледи.

“Жаш муундарга болгон тарбия-насаатыбызды күчөтөлү. Ар бирибиз коом алдында жоопкечилигибиз бар экенин эстен чыгарбайлы. Мен Ички иштер министрлиги баштаган күч органдарына жана башка тиешелүү мекемелерге уул-кыздарыбызга карата зордук-зомбулуктарды алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырам. Кадамжайда жасалган мыкаачылык - кечиримсиз иш. Кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш. Бул иш менин жеке көзөмөлүмдө болот”, - деп жазды өлкө башчы.

Эске салсак, 4-сентябрь күнү Кадамжай районунда сел өтүүчү тоннелдин ичинен 14 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Ал колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда жаткан. Кылмышка шектүү катары Кадамжайдын Халмион айыл аймагынын 24 жаштагы А.у.С., 25 жаштагы М.Ш. жана 27 жаштагы Г.Д. аттуу тургундары кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости