www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын Кыргызстандагы элчисин Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-кытай мамилелерин бекемдөө, соода-экономикалык кызматташтыкты жигердендирүү, КЭРдин Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашыруу маселелери боюнча пикир алмашты.

Министр Кулубаев “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун иш жүзүнө ашыруунун практикалык чараларынын маанилүүлүгүн, жолдун келечегин жана аймактагы өз ара байланыштуулукту күчөтүүчү бийик транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.

Ошондой эле көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин ылайыкташтыруу, Кыргызстандын айыл чарба азыктарын Кытайга экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү боюнча маселелер жана пландар талкууланды.

Көп тараптуу кызматташууда алдыдагы ШКУнун саммитинин жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагындагы жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүүнү сүйлөштү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости