www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-декабрда, Тынчтык жана ишеним эл аралык жылына, Бейтараптыктын эл аралык күнүнө жана Түркмөнстандын туруктуу бейтараптыгынын 30 жылдыгына арналган “Тынчтык жана ишеним: туруктуу келечектин кызыкчылыгы үчүн максаттардын биримдиги” аттуу эл аралык форумга катышуу үчүн келди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Мамлекет башчысын Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов тосуп алды.
Саламдашуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары форумга катышуу үчүн залга өтүштү.
Форумга Армения, Ирак, Иран, Казакстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан, Сан-Томе жана Принсипинин, Өзбекстандын президенттери, өкмөт башчылар, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана башкалар катышууда.