www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда жаңы Рим папасы Лев XIVнү Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан бүткүл католик чиркөөсүнүн башчысы болуп шайланышы менен куттуктады.

«Сизди бүткүл католик чиркөөсүнүн жаңы жетекчиси – Рим папасы болуп шайланышыңыз менен Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм.

Сиздин Рим папасы катары аткарган вазийпаңыз эл аралык тынчтыкты жана адилеттүүлүктү чыңдоодо, ошондой эле дүйнөлүк диндер ортосундагы алаканы жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ.

Кыргыз Республикасы Ватикан менен жетишилген достук мамилелерин жогору баалоо менен бирге, өз ара түшүнүү, урматтоо жана бүткүл тынчтыкка умтулуу принциптерине негизделген кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирем.

Ыйык мартабалуу сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана адамзатка кызмат кылууда күч-кубат каалайм», — деп айтылат Садыр Жапаровдун куттуктоо телеграммасында.

Последние новости