www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус менен жолугушту. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Жолугушууда маданият тармагын өстүрүүдөгү пландар талкууланган.
«Акырындап элчилик ишке аралашып жатабыз. Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус менен жолугуштук. Эл аралык мамиле, маданият тармагын өстүрүүдөгү көптөгөн пландарды талкууладык. Кыялы ачык, юмордуу, жаркылдаган киши экен. Гузел Ишенова карындашыбыз которуп берип, кээ бир учурда орусча тил билет экен жакшы баарлаштык«, — деп жазган Садык Шер-Нияз.
Эске салсак, 24-июнда Садык Шер-Нияз Кыргызстандын Франциядагы элчиси болуп дайындалган.
Булак: NazarNews.kg