www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров: «Атамбаев качан бошотуларын билбейм»

Садыр Жапаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин маселесине кызыкпай турганын билдирди. 27-апрелде Жапаров АКИpress агенттигине курган маегинде «Атамбаевди качан бошотушат деп ойлойсуз?» деген суроого «аны сот чечет» деп жооп берди.

«Билишимче, Кой-Таш окуясы жана Батукаев боюнча сот болууда. Сураган эмесмин, качан бошотушарын билбейм. Аны сот чечет», – деп билдирди президент.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна жана Кой-Таш окуясына байланыштуу соттолууда. 2019-жылы августта кармалган мурдагы президент азыр Бишкектеги №47 абакта отурат. Соңку соттук отурумда анын саламаттыгын аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости