www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Вируска заманбап медицина дагы жардам бере алган жок”, - деди NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Дастан Сарыгулов.
--“Азыркы учурда өнөкөт оорулар аябай күчөп жатат. Баарын вирус козгоп жатат. Мына медициналык абал абдан жакшы болсо дагы эч нерсе кыла албай жатат. Заманбап техникаларды колдонушса дагы жакшы натыйжа берген жок. Американын, Италиянын медицинасы укмуш да. Ошолор коронавирустан каза болгондорду сактап кала алган жок. Тактап айтканда заманбап медицина жардам бере алган жок. Ал эми Кытайды алсак, бул өлкөдө вирустан көз жумгандар аз катталды. Себеби, Кытай башкача ыкмаларды колдонду. Ал жактагы дарыгерлер чөптөр менен дарылашты. Мыйзамдары туура келди, элдери мамлекеттеги жетекчилерди угат, сыйлайт. Бийликтин айтканы менен дарыланышты, каза болгондор аз болду”, - дейт коомдук ишмер.
Булак: NazarNews.kg