www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров:

Президент Садыр Жапаров 26-апрелде "Пирамида" телеканалына маек куруп, коңшу өлкөлөр менен чек ара маселесин чечүү мындан ары жабык өтпөй турганын, ага бардык тараптар катышарын айтты.

"Бизге чейин баары жашыруун чечип келген. 30 жылдан бери бийлик жашыруун чечип, ратификациядан өтүп, кол коюлуп, бекип калгандан кийин биздин жер өтүп кетти деп ызылдап жатпайбызбы. Биз айрым өтүп кеткен жерлерди элге ылайыктап сүйлөшүп жатабыз.

Ошондой сүйлөшүүлөр жүргөндө бир жерден берсек, ордуна жер алышыбыз керек. Бирок мындан ары "жерим өтүп кетти" деген ар бир райондун эли менен абалды талкуулап, бардык тараптар менен сүйлөшүп чечебиз. Азыр жөн гана башталышы. Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Мындан ары дагы жүргүзөбүз. Эми жергиликтүү элден дагы комиссиянын курамына кошобуз. Биз мурдагылардын катасын кайталабайлы деп жатабыз", - деди Жапаров.

Март айында Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселеси 100% чечилгенин кабарлаган.

Бирок УКМК төрагасынын Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасынан коңшу өлкөгө 50 гектар жер берүү тууралуу протоколго кол койгону Кара-Суу жана Өзгөн районунун тургундарын нааразы кылган.

Мындан кийин Камчыбек Ташиев коңшу өлкөгө 20 гектар гана жер берилерин гана айткан. 25-апрелде Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары менен жолукканда жер берүү тууралуу протоколду жокко чыгара турганын билдирди.

Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш аймактарында чек арага байланыштуу чырлар байма-бай катталып турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости