www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров КТРКга берген маегинде казинону Ысык-Көл облусунда эле эмес, Бишкекте жана облус борборлоруна ачуу керектигин айтты.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков жана Дастан Жумабеков Ысык-Көл облусуна казино ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун демилгелеп, ал 8-апрелде биринчи окууда каралган.

«Депутаттар демилгелеп киргизген экен, аны колдойм, туура эле болду. Аппаратка Бишкекте жана бардык облустарга ачууга депутаттарга сунуш киргизгиле деп жатам», — деди Жапаров.

Ал казинолор 2015-жылга чейин иштеп келгенине токтолуп, эмне үчүн кумарканаларды ачууну колдоп жатканын түшүндүрүп берди.

«Анда Кыргызстандын ар бир жараны кирип ойноого акысы бар болчу. Жаш балдар күнү-түнү дебей автоматта ойноп, акчасын уттурган мезгил болгон. Муну шылтоо кылып 2015-жылы айрым депутаттар, айрым саясатчылар биригип алып акча талап кыла баштаган. «Бизге баланча миллион доллар алып келгиле, отметка кылгыла, болбосо жаап салабыз», - дешкен.

Казино ээлери акча бергенден баш тартып, өкмөткө тиешелүү салык төлөп жатканын, лицензияны бир, бир жарым миллионго сатып алганын айтканда, анда иштебейсиңер деп бир абзац мыйзам менен жок кылып коюшкан. Ал менин эсимде. Мен Кыргызстандын жараны казинонун босогосун аттабайт деп мыйзамга жазып койгула деп жатам. Бул чет өлкөлүк туристтер үчүн ачыла турган казино болот», - деди Жапаров.

Президент муну ар кыл жол менен бюджетти толтуруу максатында кылып жатам деген жүйөсүн келтирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости