www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-февралда Бишкек шаарынын мэри болуп Эрмек Нургазиев дайындалганы кабарланган. Бирок арадан 4 саат өтпөй анын мэрлик кызматтан кеткени желдей тарап, президент Садыр Жапаров дагы Нургазиевдин мэр болушу жөнүндө оюнан кайтканын соцтармактагы баракчасына жарыялаган. 

Садыр Жапаров 11-февралда, Коомдук телерадиоберүү корпорациясына берген маегинде сүйлөп жатып бул окуя боюнча пикирин билдирди.
Анын маалыматына ылайык, мэр болгонго чейин Садыр Жапаров Эрмек Нургазиевдин былык иштерин билген эмес.

--"Мэрия боюнча айтсам, Нургазиев менин кабылдоомо келген. Ал бул кызматка талапкер болуп кетип жатам деп айткан. Аны менен сүйлөшсөм, жакшы идея максаттары бар экен. Ал шаарды өнүктүрүү боюнча пландарын айтты. Анан мен бир эмес эки жолу "артың тазабы?" деп сурадым. Ал "эч кандай жаман ишим жок, артым таза" деди. Ал мурда мамлекеттик кызматта иштебеген, шаар ичинде эле курулуш тармактарында жеке менчик үйлөрүн салып, шаарды өнүктүрүүгө салым кошкон бала экен.

Ал "адвокат аялды тоголото урдум эле, артымда батир талаш эле" деп айткан жок да. Мунун баарын кеч билдик. Биз мэр кылып койгондон кийин анын былыктары чыга баштады. Анан мен "аялды урган адам мэр болуп барышка моралдык укугу жок, репутациясы бузулган адамдар мамлекеттик кызматка барбаш керек деген" ой пикиримди интернетке жазып койдум. Анан эртеси башка мэр болду. Муну трагедия кылуунун кереги жок. Анткени керек болсо, кадрлар күн сайын эмес, саат сайын алмашыш керек. Мисалы Грузия реформа жасаганда министрлер жума сайын алмашкан", - деди Жапаров.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости