www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров Моңголиянын жаңы президентин куттуктады

Президент Садыр Жапаров Ухнаагийн Хурэлсухту Моңголиянын президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады.

«Сиздин бай тажрыйбаңыз жана жогорку кесипкөйлүгүңүз моңгол элинен чексиз колдоо таап, дүйнөлүк коомчулуктун татыктуу сыйлоосуна жана урматына ээ болдуңуз. Сиз терең билимиңиз жана саясий тажрыйбаңыз менен Моңголиянын өнүгүшүнө жана гүлдөп-өсүшүнө өз салымыңызды кошосуз деп терең ишенем.

Кыргыз-моңгол эки тараптуу байланыштарын тереңдетүү үчүн бизде бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Кыргыз Республикасы Моңголия менен достук жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар деп баса белгилейм», - деп айтылат куттуктоо-телеграммасында.

Садыр Жапаров Ухнаагийн Хурэлсухка чың ден-соолук, жооптуу мамлекеттик ишине албан ийгиликтерди, ал эми ынак достук мамиледеги Моңголия элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости