www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагалыгына Акылбек Жапаров сунуш кылынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда, президент Садыр Жапаров социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчасына жазды.

«Биз Акылбек Жапаров менен макулдашып, келиштик. «Быйыл казынаны 280 миллиард сом менен жапсам, эмдиги жылы 400 миллиард сомго жакындатам» деп сөз берди. Эгер ага жеткире албаса, анда чара көрөм. Ошондуктан ал кишини азырынча сындабай, өкмөт башына коюп, убакыт берели. Анын мурдагы ишмердиги кандай болгонуна баа берип, «ичкен-жеген» деп сындап жаткан жарандарыбызга айтаарым, менин убагымда анын ар бир баскан-турган кадамы, кыймыл-аракети толук жеке көзөмөлүмдө болот», - дейт президент.

С.Жапаров айрым министрликтерге жаңы кишилер сунушталганын, февраль айынан бери ким кандай иштеп жатканын баамдап келе жатканын айтып, «Эми мындан ары туруктуу, стабилдүү өкмөт иштей баштайт» деп кошумчалады.

Ал эми азыркы өкмөт башчы тууралуу президент: «Улукбек Асамидинович да жаман иштеген жок. Жакшы иштеди. Жаш кадр. Оор мезгилде кыйынчылыктарды бирге басып өттүк. Тажрыйба топтоду. Анын келечеги алдыда», - деди.

11-октябрда президент Садыр Жапаров министрлер кабинети жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Ага ылайык өкмөттүн курамы жана түзүлүшү өзгөргөнү жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости