www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кичи мекенинен өтпөшүн билген шүдүңгүттөр партиядан партияга өтө качышып, миң кубулуп жатышат», - деди бүгүн, 12-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, партиялык тизме менен кичи мекенинде колдоо таба албаган саясатчылар шайлоого аттанып жатабы же тескерисинче, колдоочусу көп саясатчылар аттандыбы?

- Чынында өтө кызык кырдаал түзүлдү. Мыйзам боюнча ачык тизме жарыяланды. Эгерде шайлоо таза уюштурулган болсо «эски» эрендердин бири дагы өтпөйт.

Элдин аларды көрөйүн деген көзү жок. Ал турсун партлидерлер өздөрү ыргып кетет дагы, ошону менен саясый өмүрлөрү биротоло үзүлөт. Ошондуктан бириге калып, бир нерсе кылып жиберели деп жүткүнүп жатышат. Абийир деген аларда калган эмес.

«Кой эми, эс алайын. Жаңы жүздөр келсин!», - деп айтуу алардын көпчүлүгү үчүн өлүмгө барабар. Керек болсо жарандык согуш чыгаруудан дагы кайра тартышпайт. Эми ак ниет ветерандар деле бар. Алар шайлоодон баш тартып жатат.

Бирок алар өтө эле аз! Президенттин эч бир партияны колдобой, адилет турганы жакшы болду да! Эми көрөбүз. Кимдин ким экени билинет! Кичи мекенинен өтпөшүн билген шүдүңгүттөр партиядан партияга өтө качып, миң кубулуп жатышат.

Алар кыргыздын эң коркунучтуу душмандары. Мен алдыдагы шайлоодон эч бир жакшылык күтпөй калдым. Карапайым элге убалдары тийбесе экен деген гана тилек менен жашай баштадым!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости