www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Стамбулга болгон иш сапарынын алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында түрк кесиптеши Режеп Тайып Эрдоган менен жолукту.

Мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу маселелерин талкуулады.

Режеп Тайып Эрдоган Түркия менен Кыргызстандын стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңешинин үстүбүздөгү жылдын июнь айында өткөн жыйыны эки тараптуу мамилелерди чыңдоого кошумча дем бергенин белгиледи.

Ал 2021-жылдын сегиз айында эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 2020-жылдын көрсөткүчүнө жакындап калганын баса белгиледи. Режеп Тайып Эрдоган анын 1 миллиард долларга чейин көбөйүшүнө үмүтүн билдирди.

Президент Садыр Жапаров быйыл эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногонуна 30 жыл толуп жатканын эске салып, эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыктын чыңдалышына ишеним билдирди.

Садыр Жапаров буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга, анын ичинде Кыргыз-Түрк инвестициялык фондун түзүүгө өзгөчө көңүл бурду. Анын пикиринде, мындай фонд өлкөлөр ортосундагы инвестициялык жана каржылык мамилелерди кеңейтүүгө эки тараптын кызыкчылыгына негизделет жана кыргыз жана түрк ишкерлеринин мамлекеттик жана жеке өзүн өзү каржылаган долбоорлорун ишке ашырууга салым кошууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости