www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын күчүнө киргендигине байланыштуу мамлекеттик түзүмдөрдүн статс-катчылары ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду.
Буга чейин президент Садыр Жапаров статс-катчылык кызматты жоюу боюнча мыйзамга кол койгон.
Министрлер кабинетинен маалымдалгандай, төмөндөгүлөр кызматынан бошотулду:
- Акмолдоев Айбек Кудайбергенович — Энергетика жана өнөр жай министрлиги,
- Алишеров Нурдин Куванычбекович — Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлиги,
- Бардинова Нуржан Арзыкуловна — Тышкы иштер министрлиги,
- Бопушева Жылдыз Жоробековна — Инвестициялар министрлиги,
- Бөрүбаев Самат Нарматович — Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги,
- Кененбаев Чыңгыз Токтобекович — Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы,
- Мамбетов Азамат Муратович — Өзгөчө кырдаалдар министрлиги,
- Мамыров Кутман Өмүрзакович — Транспорт жана коммуникациялар министрлиги,
- Мойдинов Исламбек Жанышович — Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги,
- Сагымбаев Абдисамат Акимович — Санариптик өнүктүрүү министрлиги,
- Секимов Бактыбек Шайыкбекович — Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги,
- Шадыханов Калысбек Токтосунович — Билим берүү жана илим министрлиги,
- Шамшиев Абдухалык Абдулхаевич — Юстиция министрлиги.
Булак: NazarNews.kg