www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров: «Узак жана кооз сүйлөгөндөрдүн доору өттү»

Узак жана кооз сүйлөгөндөрдүн доору өттү, максаттуу, ырааттуу жана натыйжалуу аракет кылууга убакыт келди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциянын 26-конференциясынын дүйнөлүк лидерлеринин саммитинде сүйлөп жатып билдирди.

Жапаров климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасирине байланыштуу көйгөйлөрдүн көбү тоолуу өлкөлөргө мүнөздүү экенин белгиледи.

«Аларды чечүү үчүн өкмөттөргө, анын ичинде Кыргызстандын өкмөтүнө тышкы жардам зарыл. Буга байланыштуу биз Глазгонун чечимдеринде өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөр үчүн өзүнчө, максаттуу каржылоону кароону сунуштайбыз», — деди президент.

Ал ошондой эле БУУнун колдоосу менен фонд түзүүнү сунуштады.

«Биз мөңгүлөрдү, токойлорду жана биологиялык көп түрдүүлүктү сактоого, табигый кырсыктарга даярдыкты жакшыртууга, тоолуу жамааттарга, айрыкча аялдарга жана балдарга социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүүгө басым жасоо менен климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча максаттуу программаларды ишке ашыруу үчүн БУУнун колдоосунда атайын фонд түзүүнү сунуштайбыз. Узак жана кооз сүйлөгөндөрдүн доору өттү, максаттуу, ырааттуу жана натыйжалуу аракет кылууга убакыт келди», — деди Жапаров.

Өлкө башчы биргелешкен аракеттер аркылуу гана көйгөйлөрдү чечүүгө болорун баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости