www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 3-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анын жүрүшүндө депутат Алайбек Алымбаев Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчисин таппай жатканын билдирди.
Ал жыйынды алып барып жаткан вице-спикер Аида Касымалиевага кайрылды: «Бир жумадан бери таппай жатам. Мендеги маалымат боюнча, ал бир талапкерге жардам берип жүрөт. Жетекчиликтин уруксаты жок чет өлкөгө чыгып келди деген маалымат да бар. Ушул маселени карап койсоңуз, азыр сиз төрайымдын милдетин аткарып жатасыз. Болбосо кызматтан алыңыз дагы, аппаратта 20-30 жылдан бери мыкты иштеп келе жаткан адистер бар, ошолордон коелу», - деди Алымбаев.
Касымалиева бул маселе боюнча териштирүү болоорун айтты. ЖКнын аппаратын Алмаз Сабырбеков жетектейт.
Булак: NazarNews.kg