www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан чакан өлкө болгондуктан көп тараптуу саясат жүргүзүшү керек. Бул тууралуу серепчи Аскар Бешимов айтты. 

Анын айтымында, эл аралык мамиледе бирөө менен кас, бирөө менен дос болгон туура эмес. Анын үстүнө заман өзгөрүп, пандемия Кыргызстанга уникалдуу шанс ачты. Октябрда бийлик алмашып, жаңы бийликтин башка өлкөлөр менен карызы, алыш-бериши жок. Мындай учурда биз өзүбүздүн гана кызыкчылыгыбызды көздөп, бардык мамлекеттер менен мамиле түзүшүбүз керек.

--"Биз Орусия менен деле, Түркия менен деле мамиле түзүшүбүз керек. Ири өлкөлөрдүн оюндарына, саясатына аралашпай туруп, экономика, соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо сыяктуу тармактарды өнүктүрсөк эмнеси жаман? 

Албетте, дүйнө жүзүндө бекер акча, бекер колдоо жок. Ал өзүнүн талаптары менен коштолот. Бирок ал абалдан чыгуу керек, ошону «дипломатия» дейт. Эгерде биз улуттук кызыкчылыкты астыга чыгарып, элдин турмуш-шартын жогорку деңгээлге жеткирүү, коопсуздугун камсыздоону кааласак – бардыгы менен алака түзө берсек болот. ЖККУдан чыкпай эле коюш керек. Жакын арада жыйындар болгондо маселени көтөрүп, уюмдун ичинде реформа жасаганга аракет кылуу керек", - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости