www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чындап айтканда парламент 2020-жылдын 4-октябрында эле бычылып калган. Азыр мыйзамсыз иштеп жатканын бүт дүйнө билет. Ага болбой Сүйүн Касмамбетов жактырган 90дой депутат мамлекет башчысы менен жолукту. Кыргызстанды бандиттик өлкөгө теңеп, боктун сасыктыгын эми билген депутат Дастан Бекешов Конституция кабыл алынганда эле парламент «бычылып» калды деп туура эмес айтып жатат. Бул парламент мөөнөтүнөн ашык жети жылдан ары барып 31-октябрда же 7-ноябрга чейин өкүм сүрөрү белгилүү болуп турат. Жети жылда парламент эмне иш бүткөрдү, «маньяктарды» химиялык жол менекн «кастрация» кылуу боюнеча жакшы мыйзамды кабыл алгысы келген жок. Анткени, батышчылдар депутаттарды акча менен сугарды. Бирок Бекешов айткандай өздөрү Конституция кабыл алган соң парламент өздөрүн - өздөрү «кастрациялап» алышты.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушуп, бир катар олуттуу маселелер боюнча пикир алмашты. Жапаров менен жолугушууга анын резиденциясына президенттик аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жактырган  90 чакты депутат барды. Жолугушуу 2 сааттай созулду, 30 чакты депутат сөз сүйлөдү. Шайлоо жөнүндө мыйзам боюнча президент менен пикир келишпестик болгон жок. Президент биз бардык мүчүлүштүктөрдү карап, аларды жыйын учурунда жоюп, документти кабыл алганы тууралуу айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий маселелер, ошондой эле парламенттин кароосунда турган актуалдуу мыйзам долбоорлору талкууланды. Ошондой эле мамлекет башчы бардык күчтү мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын курууга багыттоо зарылдыгын айтты. Мындан тышкары, Жапаров парламенттин бийликтин бардык бутактары сыяктуу эле ар кандай социалдык-экономикалык маселелерди, анын ичинде коронавирус пандемиясынын кесепеттеринен улам келип чыккан көйгөйлөрдү тез арада чечүү боюнча консолидацияланган иш жүргүзүшү керектигин белгиледи.

Жолугушууда президент алгач кызматына киришкенден бери аткарган жумуштары жөнүндө айтып берди. Ошондой эле ички инвесторлор аркылуу бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйткөнүн белгилеп, келечектеги пландарын ачыктады. Ошону менен бирге мамлекет башчысы президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо мыйзамына токтолду. Ал мыйзам боюнча акыркы чечимди депутаттарга калтырды.

Ал Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо качанкыга дайындалышы мүмкүн экенин божомолдоду: «Жакын арада мыйзам долбоорун кабыл алууга жетишсек, анда шайлоо 31-октябрга же 7-ноябрга дайындалышы мүмкүн», - деди Жапаров. Мамлекет башчысы бир партиянын кызыкчылыгын коргобой турганын, бардык партияга бирдей шарттар түзүлөрүн белгилегенин билдирди.

Президент менен жолугушууда эмес, Жогорку Кеңештин жыйынында Дастан Бекешев: «Конституция менен бирге Жогорку Кеңеш өзүн-өзү кастрациялаган»- деп билдирди СДПК фракциясынын депутаты Дастан Бекешев. 2021-жылдын 22-июлунда депутаттар министрлер кабинети, жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө жана башка мыйзам долбоорлорун карап жаткан учурда. Бекешев белгилегендей, мындай маанилүү маселелер комитеттерде өзүнчө каралышы керек: «Кийинки жумада шайлоо мыйзамын экинчи окууда карайбыз. Мындай мыйзам долбоорлорун бир күн бою карап чыгуу керек. Аларда көп каталар бар ... Ошондой эле мен депутаттарга Конституция кабыл алынып жатканда парламент өзүн кастрациялаганын эскертким келет», - деди.

Жогорку Кеңеш 22-июлдагы жыйынында президент Садыр Жапаров сунуштаган төрт мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн артка кайтарды.

Алар: “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзам долбоорлору.

“Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” долбооруна ылайык, Министрлер кабинетинин түзүмүн президент аныктайт. Анын төрагасын, орун басарларын, министрлерди жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларын Жогорку Кеңештин макулдугу менен президент дайындайт. Министрлер кабинетинин мүчөлөрү президенттин макулдугу менен гана жоопкерчиликке тартылат. Аткаруу бийлигинин башчысын жана анын мүчөлөрүн президент кызматтан бошотот.

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” документке ылайык, акимди президент дайындайт жана кызматтан бошотот. Анын орду саясий кызмат болуп эсептелет. Ал да кол тийбестик укукка ээ жана кылмыш жасап жаткан жеринде кармалган учурду кошпогондо, кармалышы жана камакка алынышы, тинтүүгө же жеке кароого алынышы мүмкүн эмес. Ал президенттин макулдугу менен гана жоопкерчиликке тартылат.

Ал эми “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзам долбоорлорунда көбүнчө мамлекеттик кызматкерлердин аткара турчу иштери тууралуу түшүндүрмөлөр жазылган.

Бул документтер парламентте депутаттардын катуу сынына кабылып, бир катар эл өкүлдөрү аны четке кагууну сунуштады. Долбоорду күн тартибинен алып салуу тууралуу сунуш өтпөй калып, кайра иштеп чыгуу боюнча кийинки демилге колдоо тапты. 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости