www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Искендер Ормон уулунун пикиринде, эл аралык тажрыйба боюнча өнүккөн өлкөлөрдө мындай кырдаал иштеп турган мыйзамга таянып, бат чечилген учурлар өтө көп. Ал эми өнүкпөгөн, экономикалык жактан жакыр өлкөлөрдө мамлекет чаржайыт абалга кептелген учурлар да жок эмес.

--"Учурда Кыргызстанда абал дагы да курчуйт дегенден алысмын. Азыр саясатчылар өз кызыкчылыгын көздөп жүрүшөт. Мисалы 2010-жылы Тунисте да төңкөрүш болгон. Анда өлкө ичиндеги исламчылдар, солчулдар, либералдар жана улутчулардын тирешүүсү өтө катуу болгон. Бирок алардын баарынын максаты мамлекеттүүлүктү сактап калуу болгондуктан, тараптардын орток катышуусу менен утурумдук өкмөт түзүлүп, андан соң жаңы Башмыйзам жазылган.

"Менин гана айтканым болот" дегенден алыс болуп, консенсуска келишкен. Ошонун негизинде төрт чоң саясий күчтүн лидерлери өлкөнү саясий кризистен консенсуска баруу менен алып чыккандыгы үчүн, Нобелдин Тынчтык сыйлыгына татышкан. Андыктан "Менин гана айтканым болот" дегенден алыс болуп, саясий тирешти токтотуп, өнүгүү жолуна түшүү зарыл", - дейт эксперт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости