www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дания менен Германиянын окумуштуулары бир катар изилдөөлөрдү жүргүзгөндөн кийин полынь (эрмен же шыралжын чөбү) коронавируста эффективдүү жардам берет деген бүтүмгө келишти. Бул тууралуу РИА Новости булагына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.
Даниядагы Копенгаген университетинин доктору Юйонг Чжоу жана Германиядагы Макс Планк интерфейстер жана коллоиддер институтунун доктору Керри Гилмор жетектеген топ эрмендин курамындагы артемизинин затынын SARS-CoV-2 вирусу жуккан адамдын клеткасына тийгизген таасири кандай болору тууралуу изилдешти.
Жыйынтыктар бул зат клеткадагы, анын ичинде өпкөнүн клеткасындагы вирусту ийгиликтүү түрдө жок кыла аларын көрсөттү. Окумуштуулар бул жааттагы изилдөөлөрүн улантышууда, толук жыйынтыктар үчүн дагы бир нече иликтөөлөр талап кылынат. Жакында алар артемизининди клиникалык сынактан өткөрүүнүн I фазасын баштоону пландашууда.
Булак: Азия News гезити