www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаштар өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык ресурсу болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн “Балдар менен жаштарга ыңгайлуу шаар” сынагынын катышуучуларын сыйлоо аземинде президент Садыр Жапаров билдирди.
Анын айтымында, коомдо жаштардын ролу абдан маанилүү. Жаштар өлкөнүн стратегиялык ресурсу болуп саналат. Анткени алар социалдык-экономикалык, гуманитардык, чыгармачылык жана илимий багытта чоң мүмкүнчүлүккө ээ. “Жаштар келечектин ээси. Келечек силерге таандык. Сиздердин ар бир кадамыңыздар – жаркын келечекти курууга жасалган кадам”, - деди мамлекет башчысы.
“Сиздер өлкөнүн учурдагы көйгөйлөрүнө жана аларды чечүү үчүн көрүлүп жаткан чечимдерге көңүл кош карабашыңыздар керек. Биз өлкөнүн өнүгүүсүнө активдүү жаштарды тартуу керектигин жакшы билебиз. Азыр бул жерде отургандардын бары – өлкөнү өнүктүрүүнүн ачкычы”,-деди Жапаров.
Президент 18 шаар катышкан бүгүнкү “Балдар жана жаштарга ыңгайлуу шаар” сынагы абдан жакшы долбоорлор экенин белгиледи. “Бардык тиешелүү мамлекеттик органдар жана коомдук уюмдар өлкөнү өнүктүрүү боюнча бардык конструктивдүү сунуштарды колдоого даяр”, - деди ал.
Булак: NazarNews.kg