www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Тазабек Икрамов Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кызмат ордун кароону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Саламаттыкты сактоо министри вакцина, коронавирустун жаңы түрү боюнча түшүндүрмө берсин деген маселени бир ай мурун көтөргөм. Ал комитет жыйынына келген жок. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыксын дегенбиз бул сунушубуз да өткөн жок. Ушул жерде отурган депутаттарды сыйлоо керек. Туура, аны президент колдоп жатыптыр. Бирок Жогорку Кеңешти сыйлабайбы? Президентке жакын адамдарды көргөнбүз. Буга чейин дагы жакын адамдар болгон. Алар кайда? Министр анчалык асманда жүрбөсүн. Анын кызмат ордун кароо керек", - деди Икрамов.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости