www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коңшу, боордош казактардагы абал өзгөлөргө караганда “каны бир” кыргыз элин көбүрөөк тынчсыздандырып жатат. Ылайым, боордошторубуздагы башаламандык, ок атуу, өрт чыккан абал бат эле токтоп, тынчтык, бейпилдик орносо экен.
Байкаганым, Казакстандагы абал башталган күндөн бери бизде дагы “Жапаров кетсин!, Бийлик көзүңдү ач. Биздикилердин жүрөгү түшүп олтурат.” – деген сөздөр көп айтылды. Болгондо дагы саясатчылардан. “Бизде күйүүчү майларга, авто газга баалар эки эселеп кымбаттаса деле унчукпай олтурган өзүбүзгө чала” деген чакырыктар чыкты. Казакстандагы абал менен биздеги абалды салыштырып болбойт.
1-январдан тартып Казакстандын батыш тарабында 60 теңге болгон суюлтулган газ (пропан-бутан) 121 теңгеге көтөрүлгөн баада сатыла баштаган. Бул баа саясаты газ өндүргөн Мангистау облусунда нефтчилердин нааразычылык акциясына чыгууга себеп болуп берди. Казакстанда нефть-газ тармагы Нурсултан Назарбаевдин эки күйөө баласы, улуу кызы Дариганын “ачыкталбаган” күйөөсү Кайрат Шарипбаев, экинчи кызы Динаранын күйөөсү Тимур Кулибаевдердин көзөмөлүндө болуп келген. Суюлтулган газга болгон баанын көтөрүлүшү да бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгы болгон. Казак нефтиси дүйнөлүк брижада сатылбайт, ички керектөөсүнө гана колдонулуп келет. Дүйнөлүк баага көз каранды эмес. Мамлекет өзү баа саясатын көзөмөлдөй алат.
Бизде тескерисинче, нефть-газ чыкпайт. Казакстандан арзан нефть продукцияяларын сатып ала албайбыз, тагыраагы бизге сатпайт. Керектөөбүзгө Россиядан гана ташып келебиз. Орус нефтиси дүйнөлүк баа менен сатылат. Бизде монополист “Газпром”. Садыр Жапаров же Акылбек Жапаров күйүүчү майга болгон баага таасир бере албайт.
Казак эли бийликти шайлоо жолу менен тынч алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган. Бир адамдын улуугу баарынан жогору туруп калган болчу. Биз бурмаланган шайлоолорду тааныбай, өз укугубуз үчүн күрөшүп келбедикпи. Кыргыз эли эбак эле ойгонгон. “Бийликтегилер эл ойгоно электе көзүңөрдү ачкыла” – деген сөздү айтып жаткандар, бизде дагы тополоңду каалагандар. Алар да алакандарын ушалагандай түр көрсөтүп жаткандай. Тынчтыктын кадырын бизчелик эч ким билбесе керек.
Наралы Асанбаев, журналист
Булак: NazarNews.kg