www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы учурда Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында жоопкерчиликтүү чечим турат. Албетте ЖККУнун алдындагы келишимдерибизди аткаруубуз керек, бирок ал чечим боордош Казак элине каршы кымындай дагы иштөөсүнө шарт түзүлбөшү керек. Бул тууралуу пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу билдирди.
--Менин жеке баамымда аскерлерибизди эмес, коргоо министрлигинин алдындагы аскер врачтарыбызды, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин Казак элине көмөктөшүүгө жөнөтсөк жарашат. Азыркы тапта коңшуларыбызга эң биринчиден ушул кызматкерлердин жардамы керектелүүдө деп эсептейм. Канчалаган имараттар бузулду, ал жактарга профессионал ӨКМнин кызматкерлери жана жаракат алган аскер кызматкерлерине врачтарыбыз көмөктөшөт эле. Казакстандагы окуя өз нугуна калыптанган соң, ЖККУнун иштөө принциптерин уюмдун жалпы катышуучулары тактап карап чыгуусун дагы күн тартибине коебуз. Анткени келечекте уюм саясий иш-чаралардын багытында гана иштеп калуу коркунучу жок эмес, - деди депутат.
Белгилей кетсек, Алматыдагы митингдин катышуучулары бир топ ири ишканаларга зыян келтирип, талап-тонолду. Россия Федерациясынын президенти В.Путин кечээ, 5-январда Казакстандагы абалга байланыштуу тез арада Казакстанга куралдуу күчтөрүн киргизүү жөнүндө буйрук чыгарган.
Буга чейин Касым-Жоомарт Токаев Казакстандагы абалды жөнгө салуу максатында ЖККУга кайрылган. Ушул тапта Алматы калаасы куралдуу күчтөрдүн көзөмөлүндө турат. Ал эми эртең саат 10:00дө Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, коңшу Казакстан мамлекеттиндеги кырдаал боюнча маселе карашат.
Булак: NazarNews.kg