www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров Жерүйдө митингге чыккандар менен жолукту

Таластагы Жерүй кенинин жанына митингке чогулган элге президент Садыр Жапаров жолукту. Бул тууралуу жергиликтүү тургун билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 17-мартта Жерүй кенинин рудасынан алтын алынуучу Талас алтын кен комбинатынын салтанаттуу ачылышы болот.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жеринде, ал эми Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин теле-көпүрө аркылуу катышат.

Маалым болгондой, алтын чыгаруучу фабриканын (ЗИФ) кубаттуулугу жылына 1,3 миллион тонна руданы түзөт. Бардык казылып алынган руда алтынды кайра иштетүүчү фабрикада кайра иштетилет, андан кийин Кыргыз Республикасынын аймагында тазаланат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алтын куймаларды сатып алууда артыкчылыкка ээ болот.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости