www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысына жергиликтүү тургундар нааразы. Бул тууралуу айылдагы тургундар NazarNews маалымат агенттигине билдиришти.
Кең-Булуң айылынын тургуну Нуржан Мусаев Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Чолпонкул Чоткараевге жана жооптуу катчы Динара Сарпаева мыйзамсыз иш алып барып жатышат дейт.
--“Мен ушул айылдын тургунумун. Мурда көп жыл Кең-Булуң айыл өкмөтүндө иштегем. Ал убакта биздин айыл башчылар эл менен тыгыз иштечү. Ал эми азыркы айыл өкмөт башчы, кызматкерлер элдин сөзүн угушпайт, элдин талабын аткарбайт. Бизге, айылдык кеңештин депутаттарына маалымат дагы бербейт. Курултай өткөрөбүз деп чакырып, өздөрү келбей, отчет бергенден качышат. Ошондой эле, булар бюджеттеги акчаны каалагандай калчап, өз билгендерин жасайт. Тактап айтканда өз кызыкчылыктарына колдонуп, айылга аз каражат кетиргидей иштерди жасашат. Бир көрүнүктүү жумуш бүткөрүлгөн жок. Мектептин дааратканасын 235 миң сомго курдук дешти, ушул кандай болсун?
Керек болсо айылдын жерлерин мыйзамсыз өздөрүнүн адамдарына берип же сатышууда. Бул тууралуу баардык айыл эли жакшы билет. Булар бизнес эле кылып калышты. Аймактагы ички жолдордун абалы аябай начар.
Андыктан Чоткараевге жана жооптуу катчы Динара Сартпаевага чара көрө турган тиешелүү органдар барбы? Мен жалпы элдин атынан президент Садыр Жапаровго, Чүй облуснунун губернаторуна, акимге кайрылат элем. Келип, биздин айыл өкмөттүн бюджетин эсептеп, текшерип берсеңиздер”, - дейт тургун.
Ал эми Чолпон айылынын тургуну Рахима Эсенкулова айылдын тургундарына жерлер жетишсиз болуп жатканын айтат. Бирок ошого карабастан айыл өкмөттө иштегендер бизнес кылып жатышат дейт.
--“Биздин айылда үйлөрү жок жүргөн жарандар көп. Ошолорго айылдагы жерлерден беришсе болмок. Булар тескерисинче ал жерлерди бизнес кылып, арендага берип, сатышат. Каалагандай колдонушат десем болот. Негизи биздин айылдын бюджети аябай чоң. Себеби, бул жакта ишкерлик кылгандар көп, салык көп төлөнөт. Бирок айыл өкмөттөгүлөр ошол акчаны ырааттуу колдонушпайт. Айылга жасалган иштерге кеткен каражатты атайын көп сумманы жазып коюшат. Элге маалыматты туура эмес беришет. Бирок биздин активисттер баарын эсептеп чыгышкан. Канчалаган акчаларды өздөрү кымырып алышкан экен. Ачык айтып чыккан кызматкерлерди мыйзамсыз жумуштан алды. Учурда Кең-Суу айыл аймагында башаламандык көп болууда.
Ошондуктан мен Садыр Жапаровго, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине кайрылам. Биздин элдин үнүн угуп, айыл өкмөттөгү былык иштерди көзөмөлгө алып беришсе”, - дейт айыл тургуну.
Ал эми Кең-Булуң айылдык кеңештин депутаты Гүлнара Сейидмахмудова айтымында айыл өкмөттөгүлөр жергиликтүү кеңешке эч кандай маалымат беришпейт.
--“Мен жана кесиптештерим бир канча жолу кайрылдык. Бизге эч кандай отчет беришпейт. Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Чолпонкул Чоткараев менен жооптуу катчы Динара Сарпаева бюджеттин акчасын туура эмес колдонушат экен. Азыр дагы тургундар аябай нааразы болушту. Мен атайын курултайга келип, эл менен чогу маалымат угайын дегем, бирок дайыма отчет берүүдөн качышат”, - дейт депутат.
Атайын маалымат угуу үчүн курултайга чогулган жергиликтүү тургундар айыл өмөтүндө иштегендер келбей койгондуктан нааразы болуп Кең-Булуң айыл өкмөтүнө барышты.
Тилекке каршы Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Чолпонкул Чоткараев менен жооптуу катчы Динара Сарпаева иш ордундарында жок болуп чыкты. Тургундар ал жактагы кызматкерлерге көйгөйлөрүн айтып, нааразы болуп тарашты.
Булак: NazarNews.kg