www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаровдун 29-июнда Тажикстанга болгон расмий сапарында Дүйшөмбү шаарында бир катар документтерге кол коюлду. Андан тышкары Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон биргелешкен билдирүү кабыл алышты.
Төмөнкү документтерге кол коюлду:
Садыр Жапаров Тажикстанга расмий иш сапары менен 28-июнда барып, ошол күнү Эмомали Рахмон менен бейрасмий түрдө жолуккан. 29-июнда өлкө башчылары көзмө-көз, тар чөйрөдө, андан кийин кеңейтилген форматтагы жолугушууда кыргыз-тажик чек арасы тууралуу сөз кылышты.
Бул эки өлкөнүн 55 жаранынын өмүрүн алган апрель айындагы кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан берки алгачкы жогорку саясий жолугушуу.
Ошондой эле, Кыргызстанда президенттик шайлоодон кийин мамлекет башчысы болгон Садыр Жапаров президент катары Эмомали Рахмон менен биринчи ирет кездешти.
Булак: NazarNews.kg