www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети “2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз өкмөтү менен Венгрия өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Макулдашууга ылайык, эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташууга көмөктөшүү, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлөт. Фонд Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана ишин жүзөгө ашырган чарбакер субъекттерге карыздарды берүү, капиталына катышуу жана башка каржылык инструменттерди пайдалануу аркылуу өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу секторлорунда өзүн-өзү актоочу долбоорлорду ишке ашырат.

Фонддун капиталы акырындык менен 50 миллион долларга чейин көбөйтүлөт. Анын Директорлор кеңешинин курамы 5 адамдан турат: кыргыз тарап – 3 өкүл, венгер тарап – 2 өкүл.

Белгилүү болгондой, азыркы учурда Өзбек-Кыргыз фонду да түзүлүп жатат. Фонддун уставдык капиталы алгач 50 миллион долларды түзөт. Кийин уставдык капиталды 200 миллион долларга жеткирүү менен бардык уставдык капиталга төлөөлөр Өзбекстан тарабынан камсыз кылынмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости